​Алмазбек Атамбаевдин саксакчысы Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин камалды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин камалды.

Мындай чечимди кечээ, 26-октябрда кечинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Канат Сагымбаев Бишкектеги №1 абак жайына камалды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин үй-бүлөсү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны бошотууну өтүндү.

Интернетте тараган видео кайрылууда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова ага Атамбаевдин жанында жүргөнү үчүн куугунтук болуп жатат деген пикирин айтты:

— Атайын бөлүктүн жоокерлерин жиберер алдында аны чакыртып алышы керек болчу. «Атамбаевдин кишиси» деп эле жабышып калышты, канча айдан бери. Төрт баланын убалы кимге,- деп өзү боорунан операция болуп иштебей үйдө отурганын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети Канат Сагымбаевди 20-октябрда кызматтан алган.

Сагымбаев буга чейин УКМКнын алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын штатында туруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп келген.

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Атамбаевдин жанында болгон.

7-8- августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты