Бабанов: «Мен эч кимден эч жакка качкан жокмун»

  • 5 лет мурун

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов ЖМКга ыраазылык билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен себебин фейсбук баракчасы аркылуу айтты.

«Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эл аралык да каттамдарга чыгууну талап кылат.

Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем.

Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!» деди Өмүрбек Бабанов.

Бүгүн, 26-сентябрда, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандан тышкары кеткени маалым болгон.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 15-октябрда президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Президенттик шайлоодон кийин Россияга чыгып кеткен. 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

2017-жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Өмүрбек Бабанов 20-августта жана 23-августта УКМКга суракка чакырылган.

Бабанов бул иштерде күбө катары суралып жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты