Шашылыш билдирүү: 29-30-сентябрда аба ырайы өзгөрүшү күтүлөт
- 5 лет мурун
29-30-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы бузулары күтүлөт.
Бул тууралуу Гидромет кызматы билдирди.
Гидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 29-сентябрда түнкүсүн айрым райондордо жана күндүз көпчүлүк райондордо жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. 30-сентябрда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоого жакын аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат, тоолуу аймактарда кар жаайт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт .
29-30-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17, тоого жакын аймактарында жана Таластын өрөөндүү аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16 градуска чейин;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20 градуска чейин, тоого жакын аймактарда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18 градуска чейин;
Ысык-Көлдө жана Нарындын дыйканчылык аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17, тоолуу аймактарда түнкүсүн — 4…+1, күндүз +5… +10, күндүз — 4…+1 градуска чейин болот.
1-2-октябрда Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоого жакын аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -3, Нарын облусунун дыйканчылык аймагында -4 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.