«Эйр Манастын» төрт авиакаттамы токтотулду
- 5 лет мурун
Бүгүн, 25-сентябрда, эл аралык «Эйр Манас» авиакомпаниясынын 4 авиакаттамы токтотулду.
Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Ош аэропортунан «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Ош-Бишкек 198-каттамы, эл аралык «Манас» аэропортунан Бишкек-Ош 197-каттамы, ошондой эле Ош-Бишкек 205-каттамы жана Бишкек-Ош 206-каттамы токтотулду.
Аба каттамдарынын токтотулушу техникалык себептерге байланыштуу экени айтылды.
Муну бөлүшүү