​Мектепте бир балага жети сомго кандай тамак даярдалат?

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңеште мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштуруу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билим берүү жана илим министрлигинин, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу боюнча көптөгөн суроо берилди.

Депутат Дастан Бекешовдун мектептерде тамак даярдоодо пальма майын колдонбоо тууралуу сунушу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкуулоо учурунда колдоо тапкан эместиги белгиленди.

Депутат Бахадыр Сулейманов кесиби боюнча тамак аш боюнча инженер-технолог экенин, мектепте бир балага айыл жеринде жети сомго, ал эми шаар жеринде он сомго сапаттуу тамак даярдоого мүмкүн эместигин билдирди.

—Жети сомго балага кандай сапаттуу тамак даярдалат, менюсу кандай болот? – деп суроо салды депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мындай жооп берди:

—Биз балдар үчүн менюнун 140 түрүн бекиттик, -деди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2265 мектеп болсо, анын 1375 мектепте ысык тамак уюштурулган. Жылына окуучулардын тамагына республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүнөт. Дагы 88 млн сом кошумча бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты