​Жээнбеков: «Билим берүүнүн абалы оңолуп кеткен жок»

  • 5 лет мурун

«Баарыбыз бирге аксап жаткан билим берүү тармагын оңдошубуз керек» деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ант берүү аземинде.

Мамлекет башчы Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан дили менен, ак кызмат кылуусун каалады.
«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду.

Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан- жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү.

Бирок билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң» деп баса белгиледи Жээнбеков.
Ал министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн тереӊ түшүнөт, буга чейин мыкты иштеген деп белгилеп, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.
«Бирок, ишти оңдоп кетүү жалгыз министрдин колунан келбейт. Билим берүү тармагы улуттун жана өлкөнүн келечегин аныктайт, билим менен гана жаркын келечекти курабыз. Ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, баарыбыз чогуу бул тармакты, биргеликте оңдошубуз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Ал жаңы министрге жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты