Мунай зат берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт

  • 5 лет мурун

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Алсак, дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттардын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат.

Ал эми контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасы менен камсыз болгон шартта гана автоматташтырылган май куюучу станцияларда чекене сатууга болот.

Мунай жана мунай заттарды эсепке алуунун, көзөмөлдөөнүн электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык 2020-жылдын 1-январынан КР аймагындагы май куюучу станцияларда мунай заттарды чекене сатуу менен алектенген бардык ишкердик субъекттер май куюучу станцияларда мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган эсепке алуу системасын колдонууга милдеттүү болот.

Анын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюшу мүмкүн эмес, себеби станциялардын май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт.

Бул система май куюучу станциядан мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине да катарлаш берүүгө мүмкүндүк ачат.

Ишкердик субъекттер май куюучу станцияларга мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын өз алдынча сатып алып, орнотот жана тейлейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты