​Улуттук банк «ЕАБге-5 жыл» коллекциялык күмүш тыйын чыгарды

  • 5 лет мурун

Улуттук банк бүгүн, 24-сентябрдан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык монетасы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган. Бул монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган.

ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деп жазылган.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты