Абылгазиев: «Эне тилди кеңири жайылтуу керек»

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толушу менен куттуктады.

Биринчиден, санариптештирүү иштеринин алкагында, Интернет мейкиндигинде кыргыз тилин колдонууну күчөтүү жана кыргыз тилин компьютердик программаларга киргизүү боюнча күч-аракеттерди колдоо зарыл

Экинчиден, кыргыз тилин илим жана билим берүүнүн тилине айлантуу баштапкы стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат. Ал үчүн бардык тиешелүү тараптардын талыкпаган жана жооптуу иши талап кылынат.

Үчүнчүдөн, эне тилин үйрөнүү эрте куракта башталышы кажет. Бул үчүн балдардын тилди үйрөнүүгө каалоосун ойгото турган китептерди жана сүрөттүү китепчелерди, электрондук оюндарды жана тиркемелерди чыгаруу иштерин арттыруу абзел», – деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты