«Үмүт-2020» кыймылы: “Депутаттар ун тармагына жеңилдик берүүнү колдоп, мамлекетке 650 млн сом зыян келтирген” (Видео)

Ширин Айтматова жетектеген “Үмүт-2020” кыймылы Жогорку Кеңештин үч фракциясынын лидерлери ун тармагына салыктан жеңилдик берүүнү колдоп, 650 млн сом иштеп тапты деп айтып чыкты.

Айтматованын айтымында, 2015-жылдын 14-октябрында Кыргызстанга алынып келген буудайды 2020-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин талкуусуна коюшкан. Аны КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары колдогон. Аталган фракция лидерлеринин ал тармакта кызыкчылыгы болгондугун Ширин Айтматова белгилейт.

Ал кезде КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин “Акун” компаниясынын жана “Бишкек ун комбинатынын” жетекчиси болуп келгендиги белгиленет. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын көмүскө негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов “Аю” компаниясын жана кыргыз-казак “Казгрейн” ун компаниясын жетектейт. Бакыт Төрөбаев депутат болуп келгенге чейин “Мариям” аттуу ун комбинатын жетектеген. Азыр компанияны аялы жетектейт.

Депутаттар мыйзам долбоорун талкуулоодо Кыргызстанга ташылып келген буудайдан ун чыгаргандарды да кошумча нарк салыгынан бошотту.

Кыргызстанга кирген буудайдан ун өндүргөндөрдү кошумча нарк салыгынан бошотуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке депутат Мирлан Бакиров менен азыркы спикер Дастан Жумабеков киргизген.

Мирлан Бакиров мурда Бакыт Төрөбаевдин комбинатында иштесе, Дастан Жумабеков Шаршенбек Абдыкеримовдун “Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп келген.

Мыйзамды колдоонун эсебинен жогоруда аты аталган депутаттар 650 млн сом иштеп таап, шайлоого кеткен чыгымдарын жаап алгандыгы жана мамлекетке ошончо зыян келтиргендиги айтылат.

Кененирээк видеодо.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты