Казакстанда полигондогу жарылуудан 10 сапёр жабыркады

  • 5 лет мурун

Казакстандын Арыс шаарынан 60 чакырым алыста жайгашкан полигондо 21-сентябрда окдары бөлүктөрү жарылып, 10 сапёр жаракат алды. Б

Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык «пландуу жардыруу иштеринин жүрүшүндө» болгон. Учурда жарылуунун себептери териштирилүүдө.

24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарында ок-дары сакталган кампа жарылып, төрт киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Бийлик жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан.

Августтун аягында Арыстагы аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалган. Алар «жарылуучу заттарды колдонуу эрежелерин бузуу» жана «оор кесепеттерге алып келген шалакылык» беренелери боюнча шектелүүдө.

13-сентябрда өлкөнүн Коргоо министрлиги Арыстагы аскердик кампаны тазалоо учурунда ок-дары бөлүктөрү жарылып, төрт жоокер жаракат алганын кабарлаган.

Акыркы 10 жылда Арыстагы аскер кампаларында төрт жолу жарылуу болуп, бир нече киши көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты