​Жээнбеков: «Кыргыз тили өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек"

Баяндар

«Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Президент кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча алдыдагы төмөнкүдөй милдеттерди белгиледи.

«Алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, өнүгүп, өстүрүү, өркүндөтүү милдети турат.

Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды.

Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек.

Биринчиден, 2014-2020 жылдар үчүн кабыл алынган мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратат.

Анализ көрсөткөндөй, аткарыла турган иштер дагы эле арбын.

Иш кагаздары 60-90 пайыз орус тилинде даярдаган мекеме –уюмдар бар

Министрликтер менен ведомстволор, мекемелер иш кагаздарынын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат.

Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар бар.

Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаты начар.Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө.

Жарандарыбызга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызматкерлердин тил сабаттуулугун көтөрүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барышыбыз зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер „Кыргызтест“ системасынын талаптарына ылайык тийиштүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Экинчиден, мамлекеттин негизги символу, улутту улут кылган нукура касиет катары — кыргыз тилинин мындан ары кадыр-баркын өнүктүрүү абзел.

Ал үчүн кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети турат.

Жаңы технологиялардын өнүгүшү менен илимде, билимде, жашоо практикасында жаңы мейкиндиктер пайда болду.

Массалык маалыматты жайылтуу, коомдук ар кандай иш-чараларды өткөрүү, мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүү — негизинен мамлекеттик тилде болушу абзел.

Юридикалык, экономикалык, технологиялык жана башка тармактарда кыргыз тилин өркүндөтүү зарыл.Кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу — мезгилдин талабы.

Биз өз тилибизди азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө милдеттүүбүз.Өкмөт жогоруда атап өткөн багыттагы иштерди күчөтүүсү зарыл.

Үчүнчү, кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес.Тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз.Үй-бүлөдөн тартып, коомдук бардык институттардын милдети.

Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү — өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде.

Шаардык ата-энелер — балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз.

Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз?

Бүгүн ар-бир ата-энеге кайрылам: эне тилибиздин алдындагы милдетибизди, ата-бабалардын элесинин алдындагы зор жоопкерчилигибизди сезели.

Үй-бүлөдө тил маданиятын кайра калыбына келтирели.

Ар бир үйдө жаштарыбыз, балдарыбыз мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөндө гана тилибиз сакталат, өнүгөт, кийинки урпактарга жетет.

Ушул милдет ар дайым ар бир ата-эненин көңүлүнүн төрүндө болсун!

Ошол эле убакта, өзүбүздү кыргыз тилинин гана алкагы менен чектеп коюу — өлкөнүн өнүгүүсүнө залал келтирет.

Дүйнөлүк билимдин, технологиянын, маданияттын эшигин өзүбүз жаап салбайлы.

Өлкөбүз билимдүү, эне тили менен катар, бир нече чет тилдерде сүйлөп, пайдалана билген кесипкөй жаштарга муктаж.

Ааламга кеңири карап, жаштарга тарбия, билим берели, өзүбүз үлгү бололу.

Төртүнчү, тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү — мүмкүн эмес.

Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар.

Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек.

Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат.

Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн — тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл.

Бул багыттагы иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам.

Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм.

Бешинчи, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу окутууга өтүүнү тездетүү зарыл.

Бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайында, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел.

Турмуш көрсөткөндөй, башка улуттагы жарандар, кыргыз тилин жеңил үйрөнгүдөй, ийкемдүү окуу методикасына муктаж.

Жаштар үчүн кыргыз тилинде сүйлөө — аларга урмат-сый алып келгендей чөйрөнү түзүү зарыл.

Бул жерде Билим берүү министрлиги чечкиндүү роль ойнойт, бирок, ал жалгыз баарын жасай албайт.

Бул иштин маанисин мамлекет жетекчилеринен баштап, ар бир жаран, ар бир ата-эне жүрөгү менен сезип, ага чын дилинен катышканда гана ийгилик болот. Муну Кыргызстандын ар бир атуулу колдойт деп ишенем.

Залкар ойчул, улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов „Тил — ар бир элдин каны, жаны, улуттун автопортрети“ деген" деп билдирди мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилинин мамлекеттик тил болушунун 30 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада.

ЖаңылыктарКыргыз тили30 жылСооронбай Жээнбеков