​Айдарбеков АКШ жана Борбор Азиянын тышкы саясий мекеме башчылар жолугушуусуна катышты

  • 5 лет мурун

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) кызматташтык форматындагы жолугушууга катышты.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууга ошондой эле АКШ Мамлекеттик катчысы М.Помпео, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын АКШдагы элчиси катышты.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу, коопсуздук жаатында регионалдык кызматташтыкты илгерилетүү жана регионалдык экономикалык өнөктөштүктү жана өнүгүүнү күчөтүү маселелерин талкуулады.

КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерин атап өттү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири — бири менен, ошондой эле алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасоо аркылуу бул форматта регионалдык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн АКШ менен калыптанып калган кызматташтык форматынын алкагында өз ара аракеттенүүсүн улантууну макулдашууга жетишти.

Ошондой эле, “С5+1” отурумунун жыйынтыгында КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков АКШ мамлекеттик катчысы М.Помпео менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушуунун алкагында КР менен АКШнын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жолдору, кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоорун даярдоонун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-америка мамилелеринин күн тартибинин башка мааниси аз эмес маселелери белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты