​Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузуу айыптарынын азайтылышы күтүлүүдө

  • 5 лет мурун

Жол эрежесин бузуу айыптарынын азайтылышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин жол коопсуздугу кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузуу айыбы миң сомдон үч миң сомго чейин азайтылышы күтүлүүдө.

Төмөндөгү эреже бузууларга айып төмөндөтүлүшү каралууда:

— Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— Жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын, светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— Каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук талкууга алуу максатында, мыйзам долбоору Өкмөттүн расмий сайтына (www.gov.kg) жайгаштырылды жана Жогорку Кеңештин отурумунда каралат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты