Бүгүн дүйнөдө тазалык күнү белгиленип жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 21-сентябрда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.

Бул акциянын максаты коомдук жайларды таштандыдан тазалоо, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды туура жок кылуу аркылуу айлана чөйрөнү коргоо болуп саналат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосунда «Эко Деми» коомдук фонду болуп саналат.

Кыргызстан да тазалыктын дүйнөлүк күнүндөгү иш-чарага кошулуп, бак отургузуп, айлана-тегеректи тазалап жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын “Ынтымак” паркында бак тигүү, тазалоо иштерине катышып жатат. Өкмөт башчы ишембиликке үй-бүлөсү менен барды.

Премьер-министр Абылгазиев экологияны сактоодо айрыкча жаштар демилгелүү болуп жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты