​Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү боюнча тиешелүү жол белгилерин, анын ичинде бул көчөдө унаа токтотууга тыюу салган белгини орнотуу менен убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу сунушталды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, жол кыймылынын убактылуу каттамдарын аныктоо жана шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчылыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу иштерин ыкчам түрдө жүргүзүү зарыл.

Бул тууралуу өкмөттүн кеңешмесинде сөз болгонун маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары унаалар жыш жерлерде борбордук көчөлөрдү оңдоодон улам түзүлгөн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жол кыймылын жөнгө салуунун жана өз убагында мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаардагы жол кыймылынын жагдайы тууралуу маалымат беришип, келип чыккан маселелерди чечүүнүн бир катар чараларын сунушташты.

Токтогул көчөсү боюнча тиешелүү жол белгилерин, анын ичинде бул көчөдө унаа токтотууга тыюу салган белгини орнотуу менен убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу сунушталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты