​Кыргызстанда 500 миңге жакын ишкер бар

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлерди кесиптик майрамы — ишкерлер күнү менен куттуктады.

Абылгазиев бүгүнкү күндө 500 миңге жакын ишкер бар экенин, кичи жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы ИДПнын жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан ашуунун түзөрүн белгиледи.

-Бизнестин өлкө аймактарындагы ордун жана тийгизген таасирин, ошондой эле биздин ишкер айымдарыбыздын салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бүгүнкү күндө олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Биз мындан аркы өнүгүүнүн артыкчылыктарын жана параметрлерин так аныктадык. Эми биз жолубузда кандай гана тоскоолдуктар кездешпесин, алдыга гана кадам шилтешибиз керек, -деди өкмөт башчы.

Сүрөт: Инт ернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты