​Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары чыгарылды

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти.

Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев «Азаттыктын» тажик кызматына сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирди.

Мындан кийин тараптар чек арадагы аскердик техникаларын жана кошумча аскердик күчтөрүн алып чыгып кетишкен. Одинаев жаңжал болгон аймакта абал тынч экенин, жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтканын кошумчалады.

Бул 17-18-сентябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн сүйлөшүүнүн негизги шарттарынын бири болгон.

Мындан тышкары кыргыз тарап байкоо салган мунараны алууну, тажик тарап курулуш ишин токтотууну макулдашкан.

Бул тууралуу 18-сентябрда Согди облусунун администрациясынын басма сөз катчысы Музаффар Юнусов билдирген.

19-сентябрда Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкуулаган.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттерге интервью берип, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү оңой болбогонун айтты:

— Ар бир тарап өзүнүн дооматтарын, талаптарын койду. Талаштар көп болду. Бирок бул маселе чечилди деп айтсак болот. Негизги максат — абалды жөнгө салуу болуп, 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Талаш болуп жаткан жерде бизде Максат айылында, тажик тараптан Овчи-Калачада биргелешип күзөт жүргүзүү, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды.

Шаршеевдин айтымында, эки тарап ынтымакты бекемдөө боюнча массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча токтомго кол коюшту.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажик тарап талаштуу жердеги курулушун токтотуп, демонтаж кылууга макул болгон. Чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин чыгаруу макулдашылган.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Талкуу жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тийиштүү мекеме жетекчилери чакырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты