​Мадумаров чек ара боюнча кайсы протоколго кол койгон? (Видео)

Кечээ, 18-сентябрда, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров, 2009-жылы Тажикстан менен түзүлгөн протоколго анын кол койгондугунан бүгүнкү күнгө чейин чек арада чыр чыгып жатат деген айыптоолорго жооп берди.

Ал протоколдо эмне тууралуу жазылган?

2009-жылы 3-мартта Кыргызстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн орган жетекчилеринин жолугушуусунда эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жетекчилиги астында кабыл алынган протокол 9 пункттан турат.

Протоколдун биринчи пунктунда делимитация жана демаркацияга чейин чек ара сызыгын бойлото чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө айтылат. Экинчи бөлүгүндө 275 гектар жерди 49 жылга ижарага алуу жана ал жакка техниканы, жумушчаларды жол куруу үчүн тоскоолсуз алып кирүү жөнүндө жазылган.

Үчүнчү пунктта чек арадан өтүүнүн шарттары жөнүндө айтылат.

Төртүнчүдө 2008-жылы 26-ноябрда кабыл алынган делимитация жана демаркация боюнча келишимдин күчү жокко чыгат.

Бешинчи бөлүккө ылайык, Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун бийлиги жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек.

Алтынчы пунктта жазылгандай, конфликт пайда болгон учурда аны, эки тараптын бийлик өкүлдөрү биргелешип иш алып баруу менен чечиши керек. Жетинчи пунктта чек арадагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча жазылат.

Сегизинчи бөлүмдө аталган протоколдун ишке ашуусун козөмөлдөө эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин милдети экени айтылат.

Ал эми тогузунчуда эки өлкөнүн кийинки жолугушуусунун шарттары жана орду жөнүндө жазылган.

Аталган протоколдун көчүрмөсү:

​Мадумаров чек ара боюнча кайсы протоколго кол койгон? (Видео)

​Мадумаров чек ара боюнча кайсы протоколго кол койгон? (Видео)


Мадумаровдун аталган ишке тиешеси

2009-жылы жаз мезгилинде Адахан Мадумаров Кыргызстандын коопсузук кеңешинин катчысы болгон. Тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов менен бирге Ходжент шаарындагы эки тараптуу жолугушууда чек ара маселесин чечүү максатында протоколго кол коюшкан.

Адахан Мадумаров 18-сентябрдагы маалымат жыйынында аталган протокол боюнча айыптоолорго төмөндөгүчө жооп берди:

“Протокол деген жүздөп кабыл алынат. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө деген протокол бар. Ал иштеп жатабы? Ошол келишимдер иштебей, бир гана Мадумаров кол койгон протокол иштеп жатса, “Азамат, Мадумаров!”. Текст боюнча бизден акылдуу, бизден эстүү муун келип, чечкенге чейин, биз ушул жолдон өтүп турабыз деп турат ”,-деп жооп берген.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен кыргызстандык бир жоокер каза тапты, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Чырдын кесепетинен Тажикстандын үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Ал эми кечээ кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты