​Карамат Орозова: «Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечиш керек»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 19-сентябрда, Жогорку Кеңеш өкмөттүн кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматын укту. Анда эмне тууралуу сөз болгонун депутат Карамат Орозова комментарийледи.

—Өкмөт башчыбыз эл менен жолугуп келип, ал жактагы абал кандай экендиги тууралуу маалымат берди. Ал маалымат боюнча, эки жакта тең курулуш иштери токтотулганы айтылды. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жүрүп жатат деген маалыматтар болду,-деди Орозова.

Депутат биздин негизги кемчилигибиз окуянын алдын-алуу, болтурбай коюу экенин баса белгиледи.

-Биздеги эң негизги катачылык — ушундай иштердин алдын-алуу эле. Бул биздин алсыздыгыбыз болуп эсептелинди.

Бирок эки кошуна бардык маселени тынчтык жол менен чечиши керек.

Өкмөт чек арада жашагандардын социалдык маселелерин чечүүгө 400 млн сомго чейин каражат караган, жолдор бүтүп жатат. Бирок бизде негизги маселе коопсуздукту сактоо керек болуп жатат.

Дипломатиялык жол менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турган кадрлар менен маселени чечиш керек.

Болбосо бул акырына чейин чыкпайт деген ойдомун,- деп билдирди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты