Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Буга чейин кандай чыр, жаңжал болгон? Карточкалар

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын ырастаган.

Бөрүбаеванын айтымында, райондун Максат айылына жакын жерде ок атылган.

Мунун алдында социалдык тармактарда видео тарап, анда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп жатканы айтылган. Видеону тартып жаткан жергиликтүү тургун алыста октун үнү угулганын, тургундар бала-чакасын алып, айылдан чыгып кетип жатканын билдирген.

Жыйынтыгында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргызстандык бир аскер каза болуп, 13 адам жараат алды. Бул тууралуу Лейлек районундагы саламаттык сактоо боюнча координатор Учкун Эргешов билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын жетөө аскерлер, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары.

Ушундан улам буга чейин кыргыз-тажик чек арасында кандай чыр, жаңжал болгонун эстеп көрөлү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты