Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя иликтенип жатат

  • 5 лет мурун

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон окуянын чоо-жайы тууралуу Аскер прокуратурасы мындай маалымат берди:

— Аталган күнү Тажикстан жарандары Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун Овчу-Калача айылынын ортосундагы такталбаган жерде, футбол талаасынын түндүк-батыш тарабында мыйзамсыз курулуш иштерин башташкан.

Ага байланыштуу чек ара кызматынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып, курулушту токтотууну талап кылган. Бирок тажик тарап курулушту уланта берген.

Ошондон улам болжол менен саат 19:20 да, футбол талаасынын түндүк-чыгышында кыргыз жарандары да контейнер коюп, курулуш иштерин башташкан.

Болжол менен саат 19:40 та Кыргызстандын чек арачысы менен Тажикстандын чек арачысы айтыша кеткен. Тажик чек арачылары биринчилерден болуп ок чыгарган. Тажикстан тараптан тынч жашап жаткан элге карай бир канча жолу ок атылган.

Андан кийин «Максат» чек ара постунун «Муром» аттуу мунарасын аткылай башташкан. Тажик чек арачылары мектепти карай да ок чыгарган.
Тажиктердин огунан Кыргызстандын чек ара кызматынын жоокери каза тапкан, 7 жоокер ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылган. Ошондой эле Максат айылынын 6 жараны жабыркаган.

Ал жакка Лейлек районунун ыкчам-тергөө тобу жана Баткен гарнизонунун, аскер прокуратурасынын кызматкерлери барган.

16-сентябрда Лейлек районунун ички иштер башкармалыгы кылмыш-жаза кодексинин 130- беренеси, киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгогон.

17-сентябрда Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы курал колдонуу жана Максат айылынын тургундарын аткылоо боюнча кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренеси, өлтүрүү үчүн кол салуу боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бул ишке байланыштуу ведомстволор аралык иликтөө тобу түзулүп, ага Баткен гарнизонунун, Лейлек ИИБинин тергөөчүлөрү кирген. Тергөө иши Баткен гарнизонунун аскер прокуроруна жүктөлдү.

Тиешелүү экспертиза дайындалды.

Тергөө тобу «Максат» постун, мектепти, Максат айылынын тургундарынын үйүн карап, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты