​Жанар Акаев Токон Мамытовду «бийликчил акыйкатчы» деп сындады

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда бардык тармактарда акыйкатсыздык болуп жатканын, бирок карапайым калктын, саясатчылардын укугун коргобой, бийликчил болуп кеткенин айтып, депутат Жанар Акаев бүгүн, 18-сентябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовду сындады.

«Кыргызстанда бардык тармактарда акыйкатсыздык, адилетсиздик орун алган. Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Бирок сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз» деди эл өкүлү.

Депутат Акаев ошондой эле күч органдарына прокуратура, сот, милиция элдин ишеними төмөн экенин белгиледи.

Чак түштө мушташ болуп жатат, камалгандар чыгып кетип жатат. Адилеттик издегендер укугун коргой албай жатат. Карапайым адамдарды айтпай эле коёлу, министрдин орун басары, мурдагы өкмөт башчылары укугун коргой албай жаткандыгына токтолду. .

-Курсан Асановду ички тиреш, ички интриганын айынан кызматтан алып, азыр эч нерсе таба албай убара болуп атасыңар. Кечээгиндей, Баткендегидей, окуяда генералдар керек эле. Чек араны айтып чыккан жергиликтүү кеңештин депутаттарын суракка алып жатасыздар. Ошолор туура айтып, эки күн мурун коңгуроо каккан экен. Бизде ушундай туш-тарапта адилетсиздик орун алууда» деди депутат Акаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты