​Унаа салыгын төлөбөгөн миңден ашык жаранга айып салынды

  • 5 лет мурун

1 миң 36 унаа ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы 3-сентябрдан тартып ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айып жана ар бир өткөн күнгө туумду кошуп төлөйт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөнү үлгүрбөй калган айдоочуларды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр да болсо төлөөгө чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты