​Мирлан Бакиров: “Чек арага курулуш жүргүзүп, Тажикстан эл аралык тажрыйбаны бузду”

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин торагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу Баткен облусунун Лейлек районуна барып келди.

Аталган топко төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаев кирген.

“Эл аралык тажрыйбага ылайык талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт. Ал эми Тажикстан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду” деди төраганын орун басары Мирлан Бакиров.

Тиешелүү мыйзамдарды жана мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткаруу маселесин көтөрүп чыгууну көздөп жатканын айткан Мирлан Бакиров: “Башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарыл”,– деди. Муну менен катар бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров азыркы тапта абал турукташа баштаганын айтып: “Жергиликтүү эл менен жолугушканыбызда Тажикстан чек арачылары биринчи ок чыгарганын айтышты. Алар Максат айылындагы мектепке карай ок атышкан. Ошондой эле тургундар тажик тарап мурдатан эле даярданып, чек арага жакын атайын техникаларды алып келип баштаганын билдиришүүдө” деди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматка ылайык, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы Равшан Муминов каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты