Чек арачыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 17-сентябрда, чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Чек арачыны акыркы сапарга узатууга премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматка ылайык, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы Равшан Муминов каза болду. Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты