​Кыргыз жана Тажик өкмөт башчылары жолугушту

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгендигине байланыштуу өкүнүч билдиришип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен көп пландуу иштерди активдештирүү жана топтолуп калган чек ара маселелерин жоюу тууралуу ойлорун айтышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча эки жактуу колдоону жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгын ырасташты.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты