​Чек арадагы атышуудан жабыркаган он киши Бишкекке дарыланууга алып келинди

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш депутаттары менен бирге Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди

Атышуу учурунда 13 киши ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болду. Бир канча киши жаракат алды.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты