Тажикстан «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайын убактылуу жапты

  • 5 лет мурун

Тажикстан бир тараптуу негизде «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту.

Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар аталган көзөмөл өткөрүү жайынан тоскоолдугу жок эле өтө алышат.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде беш өткөрүү жайы жайгашкан.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан «Кулунду унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, эки тараптан 20дан ашык адам жаракат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаракат алгандардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок чыгарып, миномёттон дагы аткылаганын баса белгиледи.

Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна тескерисинче кыргыз тарап себепкер болгон жана окуядан 12 тажик жараны жаракат алган деп кабарлап жатат.

Кыргызстандын чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганы айтылды. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жүрөт. Ал 17-сентябрда эртең менен аскердик учак менен барган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты