​Өкмөт башчы Максат айылынан эвакуацияланган тургундар менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо мамлекет үчүн өзгөчө көзөмөлдөгү артыкчылыктуу маселе болуп саналат.

Абылгазиев «Максат» чек ара постуна барып, өздүк курам менен маектешти.

Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Тилекке каршы, тынч заманда биздин аскерибиз каза таап, башкалары жаракат алышты. Бардык жабырлануучуларга зарыл көмөк көрсөтүлөт. Мен силердин өлкө үчүн өтөгөн кызматыңарга, мекенчилдигиңерге жана кайраттуулугуңарга ыраазымын» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Абылгазиев Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда Премьер-министр чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды кабыл алуунун, ошондой эле чек ара аймактарынан күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.

Премьер-министр Максат айылынан эвакуацияланып, Эски-Оочу айылындагы А. Момунов атындагы мектепке жайгаштырылган жашоочуларга барып жолугуп, алардын өз үйлөрүнө кайтышы боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана мекендештерге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, түзүлгөн кырдаал тезирээк чечилсе деген үмүттөрүн билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты