​Тышкы иштер министрлиги Тажикстан өкүлүнө нота тапшырды

  • 5 лет мурун

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси С. Олимзода Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине бүгүн, 17-сентябрда, чакырылды жана ага 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырылды.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н. Ниязалиев С. Олимзодага чек арадагы окуя, ”Максат” жана “Сай” пункттарында Тажикстан аскерлери биринчи болуп ок чыгарганы боюнча нота тапшырды.

Анда бир аскер кызматкери каза болуп, ондогон кишилер жаракат алган.

Анда эки мамлекеттин башчыларынын 2019-жылдын 26-июлундагы келишимине каршы келери айтылды.

Нуран Ниязалиев бардык маселе эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде, тынч жол менен чечилиши керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты