​Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө арналган кече чек арадагы абалга байланыштуу токтотулду

Бүгүн, 17-сентябрда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыкты.

Анын урматына мурдагы президенттин тарапташтары бүгүн Горький сейилбагында чыгармачыл кече өткөрүүнү, оюн-зоок уюштурууну алдын-ала пландаган. Бирок кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кеткендигине байланыштуу КСДП партиясынан уюштуруучулар ал иш-чараны токтотконун билдирди.

Эми Алмазбек Атамбаевди куттуктоо социалдык түйүндөр аркылуу жургүзүлөрү айтылды.

Буга чейин Атамбаевдин тарапташтары аны куттуктоо үчун КТРКнын« Арноо концертине» куттуктоо берели деп кайрылганда, алардын куттуктоосуна коммерциялык орун берилген эместигин билдирген.

Анын себебин КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекова телеберүү карапайым жарандардан келген куттуктоолорду биринчи чыгарарын айткан.

«Берүү жумасына эки жолу чыгат. Жөнөкөй жарандардан көп куттуктоолор келип, биз жетишпей калабыз. Ошондуктан жөнөкөй жарандардан келген куттуктоолор биринчи кезекте чыгат. Акыркы убакта саясатчылардын билдирмелерин такыр кабыл албай калдык» деген жообун узатты КТРКнын директорунун орун басары Жумабекова.

Ал эми бүгүн социалдык баракчалардагы комментарийлерде Алексей Елиссев мындайча куттуктады:

-Алмазбек Атамбаевди чын жүрөктөн куттуктайм. Анын мага жасаган бардык кыянатчылыгын кечиргеним — ага тартуулаган белегим. Менин ага мындан ары кегим жок. Азыр ага чын эле боорум ооруп жатат. Мындай абал канчалык оор экенин билем. Бекем болуңуз, ошондо чындыкка жетесиз, -деп куттуктады Елисеев.

Алексейц Елисеев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин көздөй кишиси. Атамбаевдин бийлиги тушунда адвокаттык укугу бузулганын айтып, БУУга чейин арызданып келген.

Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күнү өзү камакта отурат. Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Ал 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Туулган күнүңүз менен, Алмазбек Шаршенович!

Атамбаевдин уулу Кадырбектин жана жубайы Раиса Атамбаеванын куттуктоосу.

Уулу Сейитбектин жана неберелеринин куттуктоосу.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты