​Абылгазиев Баткен облусуна барды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна барды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты