​Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев курал колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын бир чек ара кызматкери каза тапкан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Абылгазиев чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз тарап буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды катуу карманат жана чек ара маселелерин кароодо конструктивдүү мамилелерди колдойт.

Анын айтымында, бул иш улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен жүзөгө ашырылышы керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.

Ошондой эле саламаттык сактоо министрлигине чек ара окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик тарап биринчилерден болуп ок атканын, андан кыргыз чек ара жоокери каза болуп, бир каняа киши жарадар болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты