Айдарбеков тажик министри Сироджиддин Мухриддин менен чек ара маселесин сүйлөштү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16-сентябрда, кыргыз-тажик чек арасында тажиктер биринчи болуп ок чыгарганы, андан кыргыз чек арачысы каза таап, дагы бир нече киши жарадар болгондугу маалым болду.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн КР ТИМ маалымат департаменти билдирди.

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажик тарап “Максат” жана “Сай” чек ара постторуна аскерлерге жана жергиликтүү калк тарапка ок чыгарганын, мындайга жол берилбеш керектигин белгиледи.

Октун айынан чек арачы аскер каза таап, дагы экөө жараланганын, чек ара посту жана жарандардын үйү талкаланганын айтты.

Тажик тарап биринчи болуп ок чыгарышкан, болгондо да миномёттон аткылаган.

Бул окуя кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган жеринде болгон. Тажиктер ал жакка аскердик байкоочу пунктун кура баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты