​Президент Жээнбеков латын арибине өтүүнүн кажети жок экендигин айтты

  • 5 лет мурун

Мамлекет башчы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты.

«Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек» деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындай пикирин Президент бүгүн, 16-сентябрда, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты