Булан институту Кыргызстандагы окуу китептери боюнча баяндама жарыялады

Булан институтунун Женева шаарындагы баш кеңсеси бүгүн “Кыргыз Республикасында мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу маселелери” деген аталыштагы жаңы баяндамасын жарыялады.

Баяндамада Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруунун тарыхы жана калыптанышы, окуу китептерин чыгаруу боюнча мыйзамдык база жана анын тартибин аныктаган нормалар, окуу китебин чыгарууга катышкан тараптардын функциялары жана жоопкерчиликтери анализденген.

Ошондой эле мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр анализденет. Баянадамада окуу китептерин чыгаруунун финансылык булактары, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк берген каражаттарга да сереп салынат.

Булан институту бул баяндаманы жазыш үчүн кырдаалды төрт ай бою анализдеди. Баяндама орус жана кыргыз тилинде жарыяланды, жакында англис тилинде да чыгат.

Булан институтунун Бишкектеги долбоор жетекчиси Чынара Токонова окуу китептерин чыгарууга катышкан тараптар тууралуу мындай деди:

“Окуу китептерин чыгарууга катышкан беш тарап бар: Билим берүү жана илим министрлиги, министрликтин алдындагы координациялык кеңеш, Билим берүү академиясы, басмаканалар жана басма үйү менен авторлор. Бул баяндаманы жазыш үчүн ушул тараптардын ар бири менен бир нече жолудан жолуктук, тегерек стол да өткөрдүк. Андан сырткары мугалимдер, окумуштуулар, авторлор жана ата-энелердин да пикирлерин чогулттук”деди.

Булан институтунун Женева шаарындагы директору Чолпон Орозобекова окуу китептери басып чыгарууга анализ жасоонун өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

“Бул баяндамада окуу китептерин чыгаруунун бардык жол-жобосуна, катышкан тараптардын милдеттерине жана кетирген катачылыктарына, жана уюштуруу нормалары менен уюштуруу процессиндегибардык мүчүлүштүктөргө терең анализ берет. Биздин анализдер мамлекет катары Кыргызстан окуу китептерин иштеп чыгуу, тандоо, бекитүү жана чыгаруу боюнча ырааттуу мамлекеттик система түптөй албагандыгын көрсөткөнү белгиленди.

Буга биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишти уюштура албаган шалаакылыгы жана кесипкөй мамиле жасай албагандыгы себеп болууда. Бул катачылыктар соңку он-он беш жыл ичинде системалуу орун алып келип, Дүйнөлүк банк берген каражатка 5-6-класстардын окуу китептерин 3 жарым миллион нускада чыгаруу процесси чоң сыноо болду. Баяндамада ондон ашык корутунду жаздык, жаңы эле ишке киришкен министр Каныбек Исаков биздин сунуштарды эске алуу менен бул багытта чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенебиз”-деп билдирди.

Булан институту соңку жылдары билим берүү системасына байланышкан бир нече баяндамаларды жарыялап, коомдук талкуу жаратып келатат.

Кыргызстанда мектептердин бюджеттен жана бюджеттен сырткары каржыланышы, мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана айлыгы, мектеп коопсуздугу жана авариялык мектептер ж.б. темалардагы баяндамалары менен институттун сайтынан тааныша аласыздар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты