«Ак илбирсти сактайлы!” марафону: Түшкөн акчага “Ала Арчага” фото капкан алынат

  • 5 лет мурун

Кечээ, 15-сентябрда, “Ак илбирсти сактайлы!” аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону болуп өттү.

Марафонду Nomad Sport компаниясы өкмөттүн алдындагы жаштар иши, дене тарбия жана спорт комитети менен бирдикте өткөрдү.

Аталган комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анда 2033 кесипкөй жана спорт сүйүүчүлөр катышты.

Марафонго 20 өлкөнүн-Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Беларуссия, Франция, Италия, Түркия,Улуу Британия, Түштүк Корея, Индия, БАЭ, АКШ, КНДР, Кирибати, Түштүк Георгия и Түштүк Сандвичев аралынын, Молдавия жана Грузия өкүлдөрү катышты.

5 км чуркоодо Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков жана жаштар иши, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Канат Аманкулов катышты.

Мелдеш 1 км, 5 км, 14 км жана 21,км аралыкка чуркоо боюнча болду. Анда 12 жаштан 65 жашка чейинки кишилер катышты.

Катышуучулардын взносторунан тушкөн сумманын 50 пайызы ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программага берилди. Ал Ала-Арча паркына фото капкан алууга жумшалаары пландалууда.

Мелдештеги байге фонду 4 500 000 сом болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты