​Казакстан: Поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

  • 5 лет мурун

15-сентябрда болжол менен кечки саат жетиде Алматы облусунун Шамалган станциясында автобус менен поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу мерт болду.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Алматы облустук полиция департаменти дагы үч киши: бир аял жана эки бала ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Автобуста 67 жүргүнчү болгон.

Полиция «Жол кыймылын же транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу» боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады.

Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги «Автобустун айдоочусу сигналга карабай, темир жолго чыгып кеткен. Натыйжада поезд автобусту сүзгөн» деп маалымдады.

Окуя болгон жерге «тез жардам» унаалары, полиция жана бийлик өкүлдөрү келди. Жакын арадагы ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

Ушул эле күнү 22:30 чамасында Шамалган станциясында ондогон кишилер поезд жолун жаап, бийликтен көпүрө салууну талап кылышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты