​Таласта улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталат

  • 5 лет мурун

16-21-сентябрда Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын айтымында, оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча – «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Көчмөндөр оюнунун салтанаттуу бөлүгү «Манас Ордо» комплексинде болот. Ар бир облус маданий программа жана театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтөт.

Талас облусуна, көчмөндөр оюндарына чет элдик коноктор, туристтер, өлкөнүн бардык аймактарынан мекендештерибиз келет. Оюнга 10 миңден 20 миңге чейин адам келээри болжолдонууда.

Он улуттук оюн боюнча мелдеш болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты