​Шамшы жайлоосунда калың карда калган чабандарга жылынуучу жай уюштурулат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-сентябрда, Кегети капчыгайында калың кардын кесепетинен ал жакта калган чабандарга жылынуучу жай уюштуруу максатында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан 10 орундуу чатыр тургузулуп, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак берүү уюштурулат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, калың жааган кардан улам Шамшы жайлоосунда 9 чабан мал жандыктары менен калгандыгы тууралуу маалымат 13-сентябрда түшкөн.

13-сентяюбрда саат 20:00дө Кегети капчыгайы аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен бир киши барышкан.

Бүгүн, 14-сентябрда, Кегети капчыгайында калың кардын кесепетинен ал жакта калган чабандарга жылынуучу жай уюштуруу максатында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан 10 орундуу чатыр тургузулуп, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак берүү уюштурулат.

Республика боюнча алдын ала маалыматтарга ылайык, 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты