«Текнофест Стамбул» аттуу авиация, космонавтика жана технология фестивалы өтөт

  • 5 лет мурун

Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөдөгү эң чоң авиациялык экинчи фестиваль болгон “Текнофест Стамбул” өткөрүлөт.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

17-22 сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөдөгү эң чоң авиациялык экинчи фестиваль болгон “Текнофест Стамбул” өткөрүлөт.

Фестиваль Түркиянын өнөр-жай жана технология министрлиги жана технологиялык топ фонду тарабынан Ататүрк аэропортунда өткөрүлөт.

Фестивалда Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги да 300 чарчы метр жерде орун алат.

Өткөн жылы алгачкы ирет өткөрүлгөн фестивалга Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышкан. Анын ишине 550 миң киши келген. Ал дүйнөдөгү экинчи чоң авиациялык фестиваль болуп эсептелген.

Аталган фестивалга бир миллион кишинин келээри күтүлүүдө. Бул жылы да Президент Режеп Тайип Эрдогандын ачылышка келери күтүлүүдө.
Авиация, космонавтика жана технология фестивалынын алкагында уюштурулган иш-чараларга жана эл аралык ишкердик жарманкесине катышуу бардык каалоочуларга акысыз болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты