Чеченстан: Көзү ачык аял мамлекеттик канал аркылуу элден кечирим сурады (Видео)

Чеченстандагы ислам медицина борборунун башкы дарыгери Адам Элжуркаев чечен бийлиги тарабынан “көзү ачыктыкка” айыпталган аял менен маектешип, аны катуу урушту.

Бул тууралуу сюжет 11-сентябрда мамлекеттик “Грозный” телеканалында чыкты.

Көзү ачык Секинат Ибрагимова кардары Зулай Эскерханова менен бирге Надтеречный районунда кармалган.

Ибрагимованын жанынан кулпу, ачкыч, жаңы мүрзөнүн топурагы, белгисиз тилдеги жазуусу бар кагаздар, көптөгөн кишилердин аттары жана сүрөттөрү алынган.

«Бул көзү ачыктар терроризм, ваххабизм, наркоманиядан дагы кооптуу. Бул аялдар башын айлантып салгандыктан, кишилер ар түрдүү дарт менен жылдап ооруканаларда жүрөт» деди Адам Элжуркаев.

Элжуркаев ал аялдарды «киши кейпиндеги шайтандар» деп сыпаттап, тозокко түшөрүн айткан.

Аялдар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурашкан. Секинат камерага карап: “Мен тескери жолдо болгом. Мен ыпылас жанмын. Бул дүйнөдө менден ыпылас жан жок. Шайтандан да жаманмын. Мындан ары мага кайрылбагыла” деген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты