​Жол куруу иштерине 600 млн бөлүндү

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансы башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат берди.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди.

Министр белгилегендей, жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790,4 млн сом керектелди. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүндү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты