​Кой-Таш комиссиясы: Эки жаңы мүчө — Сооронкулова менен Касымбеков кирди

  • 5 лет мурун

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болду

Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту.

Жыйындын жүрүшүндө алар 7-8-августта Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жогорку Кеңешинин депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.

Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Мамлекеттик комиссия төрагасы- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, төраганын орун басары — ЖК депутаты Бакытбек Райымкулов.

Комиссия курамына макулдашуу боюнча ЖК депутаттары Баатырбек Алмазбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров ж.б. киргизилди. Ошондой эле Артур Медетбеков, Исмаил Исаков, Кубат Кожоналиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Алишер Мамасалиев ж.б. кирди.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты