ЕБ Түркмөнстанды камактагыларды дайынсыз жок кылууну токтотууга чакырды

  • 5 лет мурун

Европа биримдиги (ЕБ) Түркмөнстанды абактарда кишилерди дайынсыз жок кылуу тажрыйбасын жоюуга чакырды. Бул тууралуу ЕБдин өкүлдөрү Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) Венада өткөн туруктуу кеңешинин жыйынында билдиришти.

«Биз дале болсо түркмөн түрмөлөрүндө дайынсыз жоголуп кетип жаткан кишилердин тагдырына кабатырланып жатабыз. «Аларды тирүү көрсөткүлө» деп аталган эл аралык өнөктүктүн маалыматы боюнча, жарандар түркмөн абактарында толук изоляцияда кармалган 120дан ашык учур катталган. Акыркы алты жылдын ичинде камактагы отузга жакын адам каза болгон», — деп жазылган ЕБдин билдирүүсүндө.

Түркмөн абактарында дайынсыз жоголгондордун тизмесинде саясий негиздер менен, ошондой эле коррупцияга айыпталып камалган белгилүү оппозициячылар жана мурдагы жогорку кызматтагы адамдар дагы бар.

Түркмөнстандын бийлиги түрмөлөрдө кишилер дайынсыз жоголуп жаткандыгын мойнуна албай келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты