Кыргызстанда көмүскө экономика 37 пайызга жетти

  • 5 лет мурун

Улуттук статистикалык комитеттин баалоосу боюнча 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 млрд сом өлчөмүндө болгон. Анын ички дүң продукциядагы үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин төмөндөп, 23,6 пайызды түздү.

Учурда 2018-жылга карата көмүскө экономиканы баалоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат,

Көз карандысыз SIAR Research&Consulting компаниясынын 2019-жылдын июнь айында жүргүзгөн иликтөөсүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын ИДПдагы деңгээли 29,8% ды түзөт.

Мындан тышкары республикадагы көмүскө экономиканы 2019-жылы эл аралык PricewaterhauseCoopers LLP («PwC») компаниясы иликтеп көргөн.

Анын жыйынтыгы боюнча, көмүскө экономиканын ИДПдагы деңгээли 37% ды түзгөн.

Тигил же бул ишканын «көмүскөдө» иштешинин себебин иликтөөнүн негизинде, «Экономика тармагындагы көмүскөнүн деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтом долбоору даярдалды жана талкууга коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты