​Атамбаевдин туулган күнүнө карата куттуктоону КТРКнын “Арноо концерти” неге кабыл алган эмес?

  • 5 лет мурун

Коомдук телерадио корпорациясынын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекова Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө арналган куттуктоо буюртмасын КТРКнын “Арноо концерти” коммерциялык берүүсү эмне үчүн кабыл албай койгонун “ПолитКлиника” медиасына комментарийледи.

Буга чейин, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков социалдык баракчасына 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыга тургандыгына байланыштуу экс-президенттин тарапташтарынын куттуктоосун “Арноо концерти” коммерциялык программасы кабыл албай койгонун жазып чыккан эле.

Жакында, 17-сентябрде, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Буга карата биз КТРКнын «Арноо концерти» коммерциялык берүусү оаркылуу «Кыргызстаным» деген ыр менен куттуктап, жактоочулары аркылуу ошол убакытта сыналгыны күйгүзүп, беш мүнөт болсо да туулган күнүндө кубанып калса дегенбиз. Бирок бизге Атамбаевден башка ар кимди куттуктаса болорун билдиришти.

Мына ушундай…кечээ эле «шеф, туулган күнүңүз кут болсун! Мен үчүн кудайдан кийин сизсиз» деп эң биринчи чалгандар бүгүнкү күндө Атамбаевди жада калса акчасын төлөп бул берүү аркылуу куттуктап коюуга тыюу салып жатышат» деп жазган Султанбеков.

Бул боюнча биз КТРКга кайрылсак, директордун орун басары Жылдыз Жумабекова «Арноо концерти» мурдагы президенттин тарапташтарынын Атамбаевди алдыдагы туулган күнү менен куттуктоосун кабыл албай койгонун мындайча комментарийледи :

Жылдыз Жумабекованын айтымында, телеберүү карапайым жарандардан келген куттуктоолорду биринчи чыгарат.

«Берүү жумасына эки жолу чыгат. Жөнөкөй жарандардан көп куттуктоолор келип, биз жетишпей калабыз. Ошондуктан жөнөкөй жарандардан келген куттуктоолор биринчи кезекте чыгат. Акыркы убакта саясатчылардын билдирмелерин такыр кабыл албай калдык», — деген жообун узатты ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты