​Кой-Таш окуясын иликтөө: Кийинки жыйынга Кодуранова, Жээнбеков, Курсан Асанов чакырылган

  • 5 лет мурун

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны кечээ, 11-сентябрда, өттү.

Вице-премьер-министр, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков белгилегендей, эки жумушчу топ түзүлүп, алардын курамы аныкталды.

Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетине алып келген себептерди иликтөө тобуна: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Баатырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирди.

7-8-августта болгон окуяларды талдоону даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңешинин депутаты Асель Кодуранова, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты