​УКМК: ИИМдин мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалды

  • 5 лет мурун

10-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөргөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй облусунун ИИБ криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышов кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

28-августта Бишкекте Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында КР жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин жерге Чүй облусунун уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси жана 348-берене боюча катталып тергөө иштери КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты